Ленин районунун акимиатынын жыйындар залында аким Мелис Өскөмбаевдин төрагалыгы астында шаардык, райондук кызматтардын жана МАБтын башчыларынын катышуусу менен пландуу жыйын болуп өттү.

Пландоо кеңешмесинин катышуучулары Ленин районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн “Манка-Жар”жер тилкесинде жайгашкан селден сактоочу дамбаны тазалоо жана ушул аймакта үчүнчү селден сактоочу дамбанын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерин талкуулашты. Ошондой эле, 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу маселеси дагы каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө район башчысы дамбаны тазалоо жана кошумча үчүнчү дамбаны куруу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Социалдык маселелер боюнча жетекчинин орун басары, Ички иштер башкармалыгы, райондук билим берүү борбору жана МАБтын башчыларына 9- 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери менен аттестат тапшыруу учурунда санитардык жана башка эрежелерди сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле, аттестаттар тапшырылган күнү коомдук коопсуздукту сактоо керектигин белгиледи.