Ленин районунун жыйындар залында аким Мелис Оскомбаевдин  жетекчилиги алдында шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилерине БШК депутаттарын кайрадан шайлоону даярдоого жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү үчүн райондук штабдын жыйыны өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында  Бишкек шаарынын  мэриясынын дайындалган райондук, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба субъекттеринин башчыларына шайлоо участокторун кыдырып, УШКларды 2021-жылдын 25-июнуна чейин тийиштүү материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча иштерди бүтүрүү тапшырылды.

Ошондой эле, кызматкерлер арасында участкалык шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү фактыларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.