2021-жылдын 12-июнунда Россиянын күнүн белгилөө иш-чарасы өткөрүлөт. Саат 10:00дө Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын батыш тарабында шаардыктарга ачык асман алдындагы майрамдык концерт жана жарманке уюштурулат.

Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен өтөт. Активдүү уюштуруу жардамын Кыргызстандагы орус мекендештеринин Координациялык кеңеши, "Мекендештер союзу" коомдук уюму тарабынан көрсөтүлүүдө.

Россия күнүнүн урматына, биз чыныгы элдик майрамдын маанайын сүйгөн жана позитивдүү адамдарды "Орус жаны" орус маданиятынын фестивалына чакырабыз.

Күн бою (эртең мененки саат 10:00дөн кечки 21:00гө чейин) сүрөтчүлөр, бийчилер, аткаруучулар, орус жомокторунун жаркын каармандары балдарды жана чоңдорду бай интерактивдүү программа менен кубантышат.

Фестивалдын коноктору үчүн: концерт, орус товарларынын жарманкеси, орус ашканасынын даамын таттыргын гастрономиялык фестиваль, экскурсиялар, оюндар, мода көрсөтүүлөрү, балдар үчүн спектакль, балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, "Россиянын тегерек бийи" интерактивдүү программасы даярдалды.

Урматтуу шаардыктар - майрамдын коноктору! Сиздерден санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоону суранабыз.
Толук маалыматтты төмөнкү номерлер аркылуу аласыздар:

+ (996) 555 907683 Галина,
+ (996) 559 084610 Татьяна,
+ (996) 550 983790 Анастасия.