Сугат суусунун кыйынчылыктары учурда Бишкек шаарында гана эмес, башка облустарда да байкалууда.

Адистер муну биринчи кезекте мөңгүлөрдүн эришинин жана булактардагы суунун азайышы менен байланыштырууда. Кашка-Суу суу алгычындагы, Беш-Күнгөй айылындагы суу чогултуучу жайында суунун агымынын азайышынан жана Чүй облусундагы дыйкан чарбалардын сууга болгон суроо-талабы кескин жогорулагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын аймагын сугат суусу менен толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү азаюуда.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, борбордун кызматтары шаардын бардык кичи райондорун жана жаңы конуштарын мүмкүн болушунча сугат менен камтуу үчүн болгон иш-аракеттерин жасап жатышат.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын  бардык атайын транспортун суу ташуу үчүн колдонуп жатат. Кубаттуулугунун чегинде 19 скважина иштеп жатат, жакында Тагай-Бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишинде (Ак-Ордо конушу) жайгашкан дагы бир скважина туташтырылды.

Ошондой эле, күчөтүлгөн режимде шаардын жаңы конуштарына төрт жаңы скважина куруу жана эки токтотулган кудукту ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Муниципалдык ишкана Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен 40,274 млн куб метр суу жеткирүү боюнча келишим түзгөн, бирок учурда алар сүйлөшүлгөн көлөмдөн аз берүүдө, Ала-Арча дарыясынын “Кыргызстан” каналы аркылуу 10 күндөн ашык сугат суусу келбей турат.