2021-жылдын 15-июнунан 16-июнга караган түнү иштеп жаткан таштанды төгүлүүчү жайга өрттөө иш-аракети болгон.

Өрттөө белгисиз адамдар тарабынан таштанды таштоочу жайдын 3- 5-картасынын аймагында болгон.

Бул факт боюнча "Бишкек шаарынын таштанды полигону" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды.

Эске салсак, түтүндү азайтуу максатында ишкананын жетекчиси Адил Назаров менен Эстониялык «Эхитус Раан и Тулберг» компаниясынын филиалынын директору Яанус Пэзттин ортосунда өрттү топурак менен өчүрүү үчүн бир экскаватор жана 3 дуппер (самосвал) менен камсыз кылуу боюнча келишимге макулдашылган.

Полигондун аймагында өрттү өчүрүү үчүн 150 машина топурак алынып келинген. Ишкана унааларды күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат.