Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч болуп,  оорунун үчүнчү толкуну байкалууда.

Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча  бүгүнкү күндө коронавирус жана жугуштуу пневмония менен 257 учур аныкталды.

Үй-бүлөлүк медцина  борборунун медицина  кызматкерлери үй карантининде тургандардын ден-соолугуна көз салууну улантууда. Азыр 4 миң 802 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын ичинде 1 миң 801 адам ПЦРдин изилдөөсүнүн оң натыйжасы менен (оорунун симптому жок жана жеңил түрү менен) үй карантининде 3001 адам.

Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде 609 адам тез жардам кызматына кайрылышкан, чалуулардын саны 2186 түзүп, 470 чыгуу жасалып, 135 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинен 29 адам COVID-19 илдети менен, пневмония -56 шаар тургуну, курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган 3 адам. Борбор калаада 23 көчмө медициналык топ иш алып барууда.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 118 колл-борборуна 33 600 чалуу келип түшкөн, алардын ичинен COVID-19 деп шектелген 19 477 анкеталар толтурулган.

Бишкек шаарында COVID-19, пневмония  диагнозу  коюлган оорунун орто жана оор түрү менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 1165 керебет жайгаштырылды.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы  жарандарды ден-соолукту сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоого, санитардык ченемдерди сактоого чакырат: беткап кийип, колуңузду антисептик каражаттары менен дарылап, эң башкысы коомдук жайларга барууну чектеп, аралыкты сактаңыздар.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!