Борбор калаадагы коронавирус илдетинин абалынын курчуп жатканына  байланыштуу муниципалитет уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, менчигинин түрүнө карабастан, онлайн иштөө режимине кызматкерлердин жалпы санынын 50% өткөрүүнү сунуш кылат. Биринчи кезекте, тобокелдик тобуна кирген кызматкерлерди аралыктан иштөөсүн кароо зарыл: 60 жаштан жогору же өнөкөт ооруларга (гипертония, диабет, өнөкөт респиратордук оорулар, онкологиялык оорулар) чалдыккан кызматкерлерди, ж.б.), кош бойлуу аялдар, мурун ооруганынан улам иммундук системасы начар адамдар же дарыланып жаткан адамдар. Ведомстволук уюмдарда санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жетекчилер жеке жооптуу экендигин эскертебиз. Бул чектөөлөр борбордун жашоосу үчүн маанилүү болгон уюмдарга таасир этпейт.

Урматтуу шаардыктар, биз сиздерге коронавирус илдетине каршы жигердүү эмдөө керектигин эскертип, дем алыш күндөрү дагы иштей турган эмдөө борборлоруна барууга чакырабыз. Урматтуу шаардыктар! Коомдук жайларда жана коомдук транспортто беткаптарды милдеттүү түрдө тагынууну унутпаңыздар. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 30-ноябрындагы №113 токтому менен борбор калаанын аймагында массалык иш-чаралар токтотулгандыгын эсиңиздерге салабыз.