Коронавирус инфекциясынын абалынын начарлашына байланыштуу борбор калаада күндүзгү стационарлар жайгаштырылууда.

Учурда шаардын ар бир районунда 50 орундуу күндүзгү стационарлар уюштурулган.

Муниципалитеттин ар бир районунда дагы бирден күндүзгү стационарларлар даярдалууда.

- Биринчи май районунда №83- орто мектебинин залындагы стационар (Патрис Лумумба көчөсү №10) бейтаптарды кабыл алууга даяр;
- Ленин районунда №95- мектепте стационар ачылган (Верхний Джал кичи району №45);
- Свердлов районунда "Дордой" жаңы конушунда №94- орто мектебинде;
- Октябрь районунда "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда (Абдымомунов көчөсү №197).

Күндүзгү ооруканалардын бардык пункттары кычкылтек концентраторлору менен камсыз болушкан жана өз убагында квалификациялуу жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык жабдуулар бар.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр, коомдук жайларда бет кап тагынып, антисептик каражаттар колдонууну унутпаңыздар.