2021-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун демилгесини негизинде ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен  жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда, катышуучулар 17-июнда көңүл ачуучу мекемелердин иштөө убактысына (кечки саат 23: 00дөн баштап эртең менен саат 7: 00 чейин) киргизилген чектөө чараларын талкуулашты: түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлары, кафелер, караоке, барлар, анын ичинде соода жана көңүл ачуу борборлорунда жайгашкан көңүл ачуу мекемелери.

Бизнес өкүлдөрү Бактыбек Кудайбергеновго алардын кайрылуусуна жооп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, миңдеген жумушчулар белгиленген тартипте иштей бериши үчүн чектөө киргизүү жөнүндө мурунку чечимди кайра карап чыгууну суранышты. Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын профилактикалык иш-чараларынан кийин рестораторлор белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо боюнча милдеттенмелерди өздөрүнө алышты.

Бактыбек Кудайбергенов шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясына мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө сунуш киргизди.

Бактыбек Кудайбергеновдун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийин шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезексиз жыйыны болуп өттү. Ресторандардын, кафелердин жана башка объектилердин өкүлдөрү тарабынан белгиленген ченемдерди так сактоо боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди эске алуу менен, комиссиянын мүчөлөрү айрым шаардык ишкердик субъекттеринин ишине убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө мурунку чечимди кайра карап чыгышты. Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү убактылуу чектөөнү алып салууга добуш беришти.

Эми көңүл ачуучу мекемелерге саат 23: 00дөн 7: 00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Ошентип, коомдук тамактануучу жайлардын, ресторандардын, кафелердин, барлардын жана башка уюмдардын жетекчилери санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жана белгиленген алгоритмдердин сакталышы үчүн жеке жооп беришет: аралыкты сактоо, кызматкерлердин маска кийүүсү, дезинфекциялоочу каражаттардын болушу, залдардын долбоордук кубаттуулугунун 50% га толтурулушу.

Эгерде белгиленген ченемдер жана эрежелер бузулса, анда күнөөлүү уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жоопкерчиликке тартылышат.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук жайларда, ошондой эле коомдук транспортто бет капты милдеттүү түрдө тагынууну, антисептик жана башка дезинфекциялоочу каражаттарды колдонууну, ошондой эле аралыкты сактоо жөнүндө унутпаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!