Бишкекте 27 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн алтын сертификатынын ээси болушту.

Алдын ала маалыматтар боюнча, быйыл алтын сертификатка татыган 58 бүтүрүүчүнүн жыйырма жетиси борбор калаанын мектептеринде окугандар. Эң жогорку баллды (231) №26 гимназия комплексинин бүтүрүүчүсү Алия Сарыгулова алды, ал эми эң жогорку балл менен сертификаттардын саны боюнча №61 Автордук физика-математикалык мектеп-лицейи алдыга чыкты.

Борбор калаанын мэриясы бүтүрүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, алтын сертификаттарга ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан ары ийгиликтерди каалайт!

СПИСОК: СПИСОК.docx