Аталган жай Октябрь райондук администрациясынын буйругу боюнча ачылды жана Октябрь районунун көрктөндүрүү боюнча комбинаттын аймагында жайгашкан. Бүгүнкү күндө 17 адам жашап жатат. Баш калкалоочу  жайы 60-70 адамга ылайыкташтырылган жана 2015-жылдын 25-октябрнан 2016-жылдын 25-апрелине чейин иштейт.


Бир нече күн мурун имараттын ичинде оӊдоо иштери жүргүзүлүп, жууркан, жаздык жана керектүү бюмдар алынып келинди. Жылуулоо боюнча иштер жүргүзүлүп, темир эшиктер жана пластик терезелер орнотулду. Ошондой эле, меш орнотулуп, көмүр алынып келинди.