Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан   коомдук транспорттун акыркы пункттарында жана аялдамаларында рейддер жүргүзүлүп, айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында коронавирус инфекциясын алдын алуу  боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Рейддерге Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Ушул мезгилде автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын айдоочулары үчүн Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 150-беренеси боюнча 59 миң сомдук 59 протокол түзүлдү.

Бишкек шаары боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук кызмат башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобилдик, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" Кодексинин 134-беренесине ылайык  123 протокол түзүлүп, айып пул 282 500 сомду түздү.

Жыл башынан бери 12 жыйын өткөрүлүп, анда транспорттук компаниялардын жетекчилерине айдоочулар тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын катуу көзөмөлгө алуу тапшырылды. Алар дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен салонду эки саат сайын нымдуу тазалап турушу керек (кармагычтарды, отургуч туткаларын, панелдерди жана кире бериш эшиктерин ), бет кап режимин сактоо жана маршруткалардын салонунда антисептик каражаттары болуусу зарыл. Бет каптар өз баасында сатылып, салон  80% дан ашыкча толтурулбашы керек.

Өткөн жылы  Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери автобустардын, троллейбустардын жана маршруттук таксилердин айдоочуларына карата "Бузуулар жөнүндө" кодексинин №150 беренеси  боюнча 266 миң сом жана  төрт транспорттук компаниянын  жетекчилерине №293  берене боюнча 20 миң сом айып пул салынган.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспорттун ишине байланыштуу суроолоруңуз болсо, 0312533648, 0707 03 15 71 номерлерине кайрылыңыз.

Борбор калаанын мэриясы бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону чын жүрөктөн суранат: бет кап кийип, социалдык аралыкты сактаңыз, антисептиктерди колдонуңуз, колуңузду бат-баттан жууп, имаратыңызды желдетип туруңуз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз. Сак болуңуз.