Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу борбор калаанын көрктөндүрүү жана жашыл аянтчалардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча тынымсыз иш-аракеттерди өткөрүүдө.

Бул жолу тазалык эрежелерин “Эко-Строй Сервис” жана Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан “Нурболот” дүкөнү бузду. Тартип бузуучулар ишкердик субъектилеринин айланасында тазалыкты сактабай, таштандыларды белгиленген жерге жеткиришкен эмес. "Бузуулар жөнүндө" кодекстин 70-беренесине ылайык, 3000 жана 13000 сом айып салынып, акт түзүлдү.

"American School" компаниясы дагы мыйзамга ылайык жооп берет. Алар курулуш материалдарын тазалабай, белгиленбеген  жерге сактап, таштанды таштоочу жайга айлантышкан. Өнөр жайдын таштандыларын таштаганы үчүн, 71-берененин негизинде 23 миң айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар! Үйлөрүңүздүн жана кеңселериңиздин жанында тазалыкты сактаңыздар, таштандыларды таштабаңыздар жана өрттөбөңүздөр, борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, биз бардыгыбыз 10 метр аралыкта айлана-чөйрөнү таза кармоого милдеттүүбүз.

Сүйүктүү шаарыбызга кам көрөлү!