Урматтуу өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Сиздердин эмгегиңиздер жаш муундарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ. Кесибиңиздер укук тартиби жаатында гана эмес, балдардын психологиясы жана педагогикасы боюнча да керектүү билимдердин топтомун талап кылат. Сиздер жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү чечип жатасыздар.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери! Сиздерге чың ден-соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, ачык асман жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!