Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана кыргыз тилинин эрежелерин үйрөтүү максатында “Иштиктүү кыргыз тили” окуу курстарын өткөрүүнү улантууда.
Муниципалитеттин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү 2021-жылдын июнь айынан баштап Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” окуу курсун өткөрүп жатат.
Аталган бөлүм бул багыттагы семинарларды, окутууларды дайыма өткөрүп келет.