Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, ооругандардын саны өсүүдө.

8-июлга карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция жана жугуштуу пневмония менен ооруган 693 учур катталды.

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциясына  жана коронавирус инфекциясына каршы күрөштү жана алдын алууну күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Борбор калаада Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы ишеним телефондору күнү-түнү иштей тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Борбор калаада 37 мобилдик медициналык топ иштейт. Өткөн суткада алар 822 сапар кылып,  993 ПЧР тестин алышты.

Белгилей кетсек, медициналык топтор 118 колл-борборуна келип түшкөн арыздар боюнча чыгууларды жасашат.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз! Бет кап кийип,  аралыкты сактаңыз. Өз алдынча дарыланбай, ден-соолугуңузду сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыз.