Алты муниципалдык бала бакчада коронавирустук инфекция жуккан учурлар аныкталып, алар карантинге жабылды.

Дагы он тогуз бала бакча оңдоп-түзөөгө жабылды, алар жаңы окуу жылына даярдалууда.

Калган мектепке чейинки билим берүү мекемелери кадимки режимде ишин улантууда.

Бирок мекемелер кезектешип жаңы окуу жылына даярдоо үчүн жабылат.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы санитардык эрежелерди сактоону суранат! Пандемия али бүтө элек, ооруну жеңдик деп айтууга дагы эрте!

Беткап тагынып, гигиенаны жакшыртып, аралыкты сактаңыздар. Инфекциядан сактануу кыйынга турбайт.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!