"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Свердлов районунда тышкы жарыктандыруу тармактарында жакшыртуу иштерин жүргүздү.

Адистер Чоң-Коргон, Рабочая, Гончар, Боом, Калым жана 8-март көчөлөрүндөгү жарык чырактарын оңдошту.

Андан тышкары, 17 светодиоддук чырак орнотулуп, №66- мектептин аймагында 400 метр электр зымдары тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде тышкы жарыктандырууга байланыштуу маселелер жаралса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Биз ар дайым байланыштабыз! Сураныч, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!