"Бишкекжылуулукэнерго" КИнин адистери,  алдыдагы жылуулук берүү мезгилине жылуулук менен камсыздоо объектилерин даярдоо боюнча иштерди жигердүү жүргүзүүдө.

Азыркы учурда "Горархив", "№50 ОМ" жана "№83 ОМ" отканаларында косметикалык, ошондой эле от казандар, насостор жана электр кыймылдаткычтарына оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле мембрандык  бак, вентилдер, ачып-жабуучу бекиткичтер жана  кайтарым клапандар, жылуулук суу түтүктөрү  алмаштыруулуда.

Урматтуу шаардыктар, "Бишкекжылуулукэнерго"коммуналдык ишканасынын абоненттери!

Эгер сиздерде жылуулукка же ысык суу менен байланышкан маселе пайда болсо, сиз күнү-түнү иш алып барган диспетчердик кызматка байланышсаңыз болот: 0701 777110 (кечки), 0312 212906.

Эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн (ай сайын 17нен 24нө чейин) 0504828229 номерине (WhatsApp) жөнөтсөңүз  же  0312 492535 номерине   байланышсаңыз болот.

Эске сала кетсек, ишкана шаардын батыш  бөлүгү тейлейт: Жал кичи району, Газшаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин конушу, шаардын калган бөлүгүн Улуттук энергохолдингтин туунду компаниясы -"Бишкекжылуулуктармагы" ААК жылуулук менен камсыз кылат .