Мэриянын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, Биринчи май райондук акимиятынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия "Көлмө" конушунун жашоочулары менен жолугушту.

Комиссия  конуш  тургундарынын жүргүзүлүп жаткан жол иштери боюнча кайрылуусунун негизинде түзүлгөн. Долбоордун алкагында жолду кеңейтүү пландалууда, бирок тургундар түрттүрүлө турган  объектилерди: үйдү, чатырын, тосмону бузууга уруксат беришкен жок.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык нюанстарды талкуулап, кайрадан өлчөө жүргүзүп, бир бүтүмгө келишти.

Жыйындын жыйынтыгында, Бишкек шаардык мэриясынын Жер  пайдалануу жана курулуш башкармалыгына Мыскал көчөсүнүн боюнда түрттүрүлө турган  объектилерди алуу жана "Бишкекасфальтсервис" МИне  макулдашылган долбоорго ылайык курулуш иштерин улантуу тапшырылды.