Борбор калаада сугат иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.

Дарыялардан сугат суулардын агымы: Ала-Арча дарыясынан 0,8 кубметр, Аламүдүн дарыясынан - 0,6 куб суу, Чыгыш Чоң Чүй каналынан - 1 куб суу.

Биринчи май районунда сугат: Эркиндик бульварында жана Сейтек сейил багында жүргүзүлдү.

Октябрь районунда: Абай, Каралаев Ж.Пудовкин көчөлөрүндө, №4чү, 5чи, 10чу кичи райондорунун ички короо аймактарында;

Свердлов районунда: Чолпон Ата көчөсү, 7-апрель жана Чүй проспектиси боюнча;

Ленин районунда: Ч.Айтматов проспектиси жана Чапаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак сугарылды.

Шаарда жалпысынан автоматтык сугарууга 16 бирдик атайын унаа тартылган.

Урматтуу шаардыктар! Жеке гигиена каражаттарын канализация түтүктөрүнө таштабоону суранабыз. Канализациядагы тыгын суунун көп жоготулушуна алып келет.

Санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча, санитардык-экологиялык инспекцияга кайрылыңыздар: 0705564756