9-июлга карата Бишкекте коронавирус инфекциясы менен ооруган 145 жаран шаардын жашоочулары эмес экени аныкталды, алар борбордун статистикасына тест тапшырган жер боюнча киргизилди.

Бишкекте бардыгы болуп 715 учур катталган. Алардын ичинен 570 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району – 176, Биринчи май району – 120, Октябрь району – 126, Свердлов району – 148.

670 учур белгилери бар, 45 учур белгилери жок, 641 учур амбулатордук дарыланууда, 74 учур стационарда дарыланышууда.
Каза болгондор – 7, айыккандардын саны - 422 адам.

Урматтуу шаардыктар жана Бишкек шаарынын меймандары! Шаарда эч кандай белгилери жок, шек санабай илдетти алып жүргөндөр көп. Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар.