Борбор калаанын мэриясы коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштү күчөтүлгөн тартипте улантууда.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын атайын мобилдик тобу күн сайын троллейбустун салондорунда санитардык эрежелердин сакталышын текшерип турат.

Санитардык текшерүүлөр, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө  түшүндүрүү иштери адам  көп болгон  аялдамаларда өткөрүлүп,  орто эсеп менен күнүнө 120га жакын троллейбус текшерилет.

Мындан тышкары, күн сайын эртең менен каттамга чыгаар алдында  медициналык кызматкердин көзөмөлүндө транспорт хлорамин эритмеси менен атайын тазаланат.

Ошондой эле айдоочуларга жана унаа жуугуч кызматкерлерге бет кап режимин сактоо боюнча кошумча көрсөтмөлөр берилет, акыркы аялдамаларда автобус жана троллейбус салондору желдетилет.

Коомдук транспортто бет кап тагынуу  ар бир жаран үчүн милдеттүү экендигин эскеребиз.