Бишкекте коомдук транспорт шайлоо күнү, 11-июлда, күчөтүлгөн режимде таңкы 6:00дөн түнкү 23:00гө чейин иштейт.

Эскерте кетсек, 11-июлда шаарда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо болот.

Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды: Ленин районунда - 62 УШК, Октябрь районунда  - 59, Биринчи май районунда  - 49, Свердло районунда - 58.

Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева шайлоо өткөрүү боюнча штабда ооруп жаткан адамдар үчүн өзүнчө шарттар түзүлөт деп билдирген.