Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп бара жаткан адамдарга чуркаган агрессивдүү иттер жөнүндө маалымат социалдык тармактарда тарап жатат.

«Алар мурун бир мышыкты тиштеп тытмалашкан. Кечээ биз ошондой көрүнүштүн бирине күбө болдук. Сураныч, чара көрүңүздөр », - деп жазат колдонуучу.

Акыркы учурда Бишкектиктер ит тиштегенден кийин жардам сурап көп кайрыла башташты. "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардыктардын өтүнүчү боюнча жумуштарды аткарат. Негизинен, бул иш эртең менен жүргүзүлөт.

Быйыл ит жана мышык тиштегенде медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны көбөйдү. Жыл башынан бери 1 миң 321 адам жапа чеккен болсо, өткөн жылдын ушул мезгилинде 960 учур катталган. Бул статистика гидрофобдук инфекциянын көбөйүү тобокелдигин көрсөтүүдө. Эпидемиологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, жабыркагандардын 85,5% ит тиштеген.

Белгисиз иттердин кол салуу учурлары болуп, андан 279 адам (24,6%) жапа чеккендигин белгилей кетүү керек. Ушул себептен шаардык кызмат ушул багыттагы ишти жандандырууга аргасыз болду. Ушул жылдын башынан бери шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясына бул маселе боюнча 165 жолу кайрылышкан. Бардык арыздар өз убагында каралды. Ал эми өткөн жылы жарандардан иттерди кармоо же атууну талап кылган 665 арыз келип түшкөн.
Арызды: (0555) 701 761 номерине калтырсаңыздар болот.