Шаарда күчөтүлгөн режимде санитардык нормалар менен эрежелерди сактоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Санитардык-экологиялык инспекциянын командасы күндүз бардык супермаркеттерди, гипермаркеттерди жана соода борборлорун текшерип, түнкүсүн кафе-ресторандарга көзөмөл жүргүзүүдө.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бет кап режими сакталбагандыгына, кире бериште дезинфекциялоочу килемдердин,  кызматкерлердин саламаттыгын каттоо китебинин жоктугуна байланыштуу төмөнкү объектилерге айып пул салынды:

- "Империя пиццы", "Beef Burgers", "Савор", "Каганат", "Центр плова", "Киана", "Буржуй", "Буржуй", "Pascal", "Граф", "Fresh box" (ТРЦ Вефа центр), "Хан Тенири", "Белек", "Палаццо", "Кебаб Хаус", "Этилер", "Ак-Бата", "Даамдуу”;
- Народный гипермаркети;
- "Rody mood" дүкөндөрү (ТРЦ Вефа центр), "Жал-23";
- "Dota" компьютердик клубу.

Жогоруда аталган мекемелердин бардыгына "Бузуулар жөнүндө" Кодекстин 293-беренеси боюнча айып пул салынды. Айып пул жеке адамдарга 3000 сомдон, ал эми юридикалык тараптарга 13000 сомдон түзөт.

Урматтуу шаардыктар!  Бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону суранабыз.