Борбор калаанын биринчи вице-мэри, вице-мэрлери жана райондук администрациялардын башчылары шайлоо участокторунун даярдыктарын текшерүүнү улантууда.

Бишкек шаардык кеңешине кайталап шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу, материалдык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча шаардык кызматтардын бекитилген кызматкерлери участкалык шайлоо комиссияларында даярдыктарды өткөрүүдө.

Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды: Ленин районунда - 62, Октябрь районунда  - 59, Биринчи май районунда  - 49, Свердлов районунда - 58.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өткөрүлөт.