Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайталап шайлоо боюнча штабдын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйын  Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамовдун жетекчилиги алдында өтүп, ага вице-мэрлер, райондук администрациялардын башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери,   Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын,  Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын  жана "Түндүк электр" ААКтын өкүлдөрү катышты.

Штабдын жүрүшүндө райондордун акимдери шайлоо участокторунун даярдыгы, шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссияларынын иштеши үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчет беришти. Ошондой эле, коопсуздукту сактоо, медициналык кызматкерлердин милдети жана шаардын укук коргоо органдарынын маселелери талкууланды.

Биринчи вице-мэр шайлоо ачык жана административдик ресурссуз, ошондой эле жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо менен өтүшү керектигин белгиледи.

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиз акимиаттын, МАБдын кызматкерлерин, билим берүү уюмдарынын жетекчилерин алдыдагы шайлоо процессине кийлигишүүлөрүнө  күбө болсоңуз, анда тезинен бизге кабарлаңыз.

Арыздар эртең мененки 9:00дөн  кечки 18:00гө чейин кабыл алынат.

Ленин району: 0 (312) 88-74-31, ошондой эле WhatsApp (0702) 927288 номерине сүрөт жана видео жөнөтүңүз;
Биринчи май району: 0 (312) 62-12-23, 0 (312) 32-50-92 номери, WhatsApp (0999) 312666;
Октябрь району: 0 (312) 57-94-40; 57-63-80, ошондой эле сүрөт жана видеолор үчүн WhatsApp (0772) 408412;
Свердлов району: 0 (312) 43-38-63,  WhatsApp (0706) 680544;
КРнын  БШКнын ишеним телефону: 1255, 660240.