Борбор калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Медицина кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Мэрия Covid-19 вирусунун жайылышын токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.

Ушул жылдын май айынан баштап, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, борбордогу үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы дарылоо бөлмөлөрүнүн иштөө убактысы узартылды.

Бейтаптар саат 8:00дөн  20:00гө чейин  тамырга, булчуңга, тери астына ийне саюу процедураларын ала алышат.

Ковид менен ооруган бейтаптар үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кошумча орундарды ачкандыгын, ал эми дарылоо бөлмөлөрү Ковид-19 вирусу жок калк үчүн арналгандыгын дагы бир жолу белгилейбиз.

Процедураларды алуу үчүң дарыгердин мөөр басылган көрсөтмөсү болушу керек.

Сураныч, бет кап тагынып,  эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуңуздар, өз алдынча дарыланбаңыздар,  ден-соолугуңузду сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыздар.

Дарыгерлер ар дайым сизге керектүү жардамды берүүгө даяр.
Бишкек шаарындагы ҮМБнын иш жүзүндөгү ишеним телефондору жана каттоо номерлери:
Ленин районунун БҮМБ: 0990 88 80 30, 0312 64 45 42;
• ҮМБ № 2: 0990 88 80 28, 0312 21 03 57;
• ҮМБ № 11: 0990 88 80 29, 0312 31 10 60;
• ҮМБ № 12: 0990 88 80 31, 0312 21 17 32;
• ҮМБ № 13: 0990 88 80 32, 0312 65 73 88;
• ҮМБ № 17: 0990 88 80 33, 0312 55 11 06.

Октябрь районунун БҮМБ: 0990 88 80 36, 0312 57 02 84;
• ҮМБ № 15: 0990 88 80 15, 0312 42 69 62;
• ҮМБ № 18: 0990 88 80 35, 0312 56 82 33;
• ҮМБ № 19: 0990 88 80 19, 0312 57 13 67.

Биринчи май районунун БҮМБ: 0990 88 80 71, 0312 32 52 32;
• ҮМБ № 7: 0990 88 80 72, 0312 66 20 44;
• ҮМБ № 14: 0990 88 80 73, 0312 67 82 74;
• ҮМБ № 16: 0990 88 80 74, 0312 54 13 09.

Свердлов районунун БҮМБ: 0701 10 30 02, 0312 63 51 23;
• ҮМБ № 4: 0701 10 30 01, 0312 43 40 07;
• ҮМБ №8: 0701 10 30 03, 0312 43 39 07;
• ҮМБ № 9: 0701 10 30 04, 0312 36 88 30;
• ҮМБ № 10: 0701 10 30 07, 0312 38 78 14.