Свердлов районунун аймагында рейддик текшерүү жүргүзүлүп, суу объектилеринин жанында тыюу салынган белгилердин бар экендиги текшерилди . Текшерүү муниципалдык администрациянын “Суу объектилериндеги кырсыктарды алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө” кабыл алынган буйругуна ылайык жүргүзүлдү.
Рейддик иш-чарага муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле №20 МАБдын жана № 21МАБдын кызматкерлери катышышты.
Текшерүү учурунда Чон Чуй каналынын Тоголок-Молдо, Осмонкул, Үсөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрү менен кесилишиндеги агымы каралды.
Урматтуу ата-энелер сак болуңуздар! Балдарыңыздарга сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде түшүүгө болбой тургандыгы жөнүндө түшүндүрүңүздөр! Анткени, балдардын өмүрү жана коопсуздугу баардыгынан жогору.