Эми COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү Мамлекеттик электрондук portal.tunduk.kg порталы аркылуу электрондук түрдө аралыктан алса болот.

"Түндүк" кызматы электрондук өз ара аракеттенүү борборунун жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери тарабынан иштелип чыгып, ишке киргизилген.

Сертификатты Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар дагы ала алышат.

Вакцинациянын электрондук сертификатын алуу боюнча кадамдык нускамалар:

- portal.tunduk.kg/ дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик электрондук кызматтар порталына кирип, булуттуу электрондук кол тамга же eID аркылуу авторизациядан өтүңүз;

- порталдан "Саламаттыкты сактоо" бөлүмүнө өтүп, "COVID-19 эмдөөсүнө күбөлүк берүү" кызматын тандаңыз;
- электрондук күбөлүк алуу үчүн "Арыз тапшыруу" баскычын басыңыз;

- электрондук сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгарууга же PDF форматында документ катары сактоого болот;

- Электрондук сертификатта документтин аныктыгын текшерүү үчүн QR коду жана жүргүзүлгөн эмдөө жөнүндө маалымат камтылган.

- Мамлекеттик портал аркылуу күбөлүк алууда кыйынчылыктарга туш болгон адамдар үчүн жакында "Эмдөөлөрдүн реестри" маалымат тутумунда модуль иштелип чыгат.

Бул модуль аркылуу жарандар  медициналык мекемелерден сертификатты  басып чыгарылган түрүндө ала алышат.

Мамлекеттик portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында кызматтарды алуу үчүн  сиз төмөнкү жолдордун бири менен авторизациядан өтүшүңүз керек:

- Кыргыз Республикасынын Калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилген булут негизиндеги электрондук кол тамга;
- eID-карталар (2017-жылдагы үлгүдөгү паспорт), паспорттор үчүн окуу куралы жана кирүү паролу.