Бишкек шаарында Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо башталды.

Бардык участкалык шайлоо комиссиялары эртең мененки саат сегизде өз ишин гимнди аткаруу менен башташты.

Шаарда 228 шайлоо участкасы уюштурулган:
Ленин районунда - 62;
Октябрь районунда - 59;
Биринчи май районунда - 49;
Свердлов районунда - 58.

Бишкек шаарында шайлоо күнү шайлоочулардын саны 426 699 адамды түздү, анын ичинен:
- Ленин районунда - 125 986;
- Октябрь районунда - 107 615;
- Биринчи май районунда - 93 191;
- Свердлов районунда - 99 907.

Кечээ жайдан тышкары добуш берүү болду. 1872 шайлоо участкасында 2272 шайлоочу эрте добуш берди.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга жайдан тышкары добуш берүү шайлоо  күнүнө бир календардык күн калганда мүмкүнчүлүк берилет.

БАШК жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын техникалык колдоо тобу автоунаалар менен камсыздалды.

Бишкек шаарында коомдук-саясий кырдаал туруктуу.