11-июлга карата Бишкекте коронавирус инфекциясы менен ооруган 185 жаран шаардын жашоочулары эмес экени аныкталды, алар борбордун статистикасына тест тапшырган жер боюнча киргизилди.

Бишкекте бардыгы болуп 761 учур катталган. Алардын ичинен 576 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району – 256, Биринчи май району – 99, Октябрь району – 149, Свердлов району – 72.

691 учур белгилери бар, 70 учур белгилери жок, 703 учур амбулатордук дарыланууда, 58 учур стационарда дарыланышууда.
Каза болгондор – 8, айыккандардын саны - 420 адам.

Урматтуу шаардыктар жана Бишкек шаарынын меймандары! Шаарда эч кандай белгилери жок, шек санабай илдетти алып жүргөндөр көп. Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар.