Каалоочулардын бардыгы Кытайдын Синофарм вакцинасын Бишкектин соода борборлорунда жайгашкан эмдөө пункттарында ала алышат.

Ленин районунда пункттар төмөнкү даректер боюнча ачылган:

- Ош базарынын аймагында "Берекет универсал" соода борбору (Фучик көч., 20/3, 0-кабат);
- "Азия Молл" соода борбору (Ч.Айтматов пр., 3).

Октябрь районунда:

- "Таш-Рабат" соода борбору (м. Горький көч., 1 г);
- "Космопарк" соода борбору (Юнусалиев көч., 40а (7 кичи район).

Биринчи май районунун аймагында:

- "Вефа" соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, 98);
- "Бишкек Парк" соода борбору (Киев көчөсү 148).

Свердлов районунун аймагында:

- "Детский мир" соода борбору (Чүй проспекти 147/4);                                                        
-"Чынар" базары (Аламүдүн кичирайону-1, 63/1).

Эмдөөгө келгендердин  паспорту жанында болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин Электрондук ден-соолук борборунун COVID-19 эмдөөсүнө каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн базасына киргизилет.

Вакцинация боюнча ишти Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору (МСЭКБ) координациялайт.

Бардык суроолор боюнча РИБ: 32 31 27; 32 30 11 телефон номери боюнча, ошондой эле МСЭКБнын Иммунопрофилактика бөлүмүнүн 0500 303 343, 54 65 21 жана 54 61 04 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот. Иш убактысында чалыңыздар, телефондор күнү-түнү иштебей тургандыгын эскертебиз.

Белгилей кетсек, республикага Синофарм  вакциналарынын 1 миллион 250 миң дозасы келген, анын 240 миң дозасы борбор калаага бөлүнгөн.

Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы баарыңыздарды сак болууга жана жабык жайлардын ичинде, коомдук транспортто бет кап кийип жүрүүгө, коомдук аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөө жүргүзүүгө чакырат. Вакцинация - коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!