12-июлга карата Бишкекте коронавирус инфекциясы менен ооруган 118 жаран шаардын жашоочулары эмес экени аныкталды, алар борбордун статистикасына тест тапшырган жер боюнча киргизилди.

Бишкекте бардыгы болуп 890 учур катталган. Алардын ичинен 772 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району – 264, Биринчи май району – 146, Октябрь району – 165, Свердлов району – 197.

544 учур белгилери бар, 346 учур белгилери жок, 846 учур амбулатордук дарыланууда, 44 учур стационарда дарыланышууда.

Каза болгондор – 6, айыккандардын саны - 412 адам.

Урматтуу шаардыктар жана Бишкек шаарынын меймандары!

Шаарда эч кандай белгилери жок, шек санабай илдетти алып жүргөндөр көп.  Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар.