12-июлда Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Жалын" жайкы эс алуу лагерине Биринчи май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын кезектеги агымы, 65 балага жөнөтүлдү.

Жетим, жарым жетим балдар, ата-энелери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары  эс алууга кетишти.

Райондун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга жолдомону бөлүштүрүү жана арыздарды кароо боюнча комиссия өткөрүлүп,  биринчи агымга 65 арыз каралды.

Жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден-соолугун чыңдоо  максатында Бишкек шаарынын  мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү уюмдарына жалпысынан 437 жолдомо бөлүнгөн.