Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык мекемелерди оңдоону улантууда.

№1 шаардык клиникалык ооруканада хирургиялык корпустун шифер менен жабылган чатырын жана элеватордук түйүндөрдү оңдоо иштери уланууда. Демонтаждоо иштери аяктап, чатырдын каркасы орнотулуп, темир тыныкелер  бекитилүүдө.

№ 181 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 1-кабатынын ички жылытуу тутуму толугу менен жаңыланат. Демонтаждоо иштери аяктады, түтүктөрдү алмаштыруу жана төшөө иштери жүрүп жатат. Сырткы жылуулук трассасы дагы оңдолот.

№162 мектепке чейинки билим берүү уюмунда тышкы жылуулук менен камсыздоо тармактарын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
2021-жылдагы титулдук тизмеге ылайык, ушул жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү мекемесин оңдоону бүткөрүү пландаштырылган. Ошондой эле, ноябрдын аягына чейин 11 медициналык мекеме оңдолууга тийиш.