Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана талаптарга ылайык рейддик иш-чаралар улантылууда.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, МАБдын, Свердлов районунун РИИБдин жана Санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Райондо 9 билим берүү борбору жана 48 жеке менчик бала бакча бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында үч билим берүү борборуна: "Эклектика", "Филос", "Тил академиясы" жана 1 жеке менчик "Джуниор Парк" бала бакчасына айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз өзүңүздү  жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылсаңыз болот, сизге сөзсүз кеңеш берилет. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Бет кап  кийүүнү, колуңузду антисептик менен тазалоону, аралыкты сактоону жана албетте иммундук системаңызды чыңдоону унутпаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!