Көлдүн жээгинде эс алууга кеткен окуучулардын биринчи агымы Бишкекке кайтып келди. Жалпысынан Ысык-Көлдүн жээгинде 137 жаш шаардыктар "Жалын" лагеринде 10 күн эс алышты.

Жол МАИнин автоунаасы менен коштолуп, окуясыз өттү. Эс алып келген балдарды Ленин райондук администрациясынын жана Билим берүү борборунун адистери ата-энелерине аман-эсен тапшырышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы 400дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жетим, жарым жетим балдарга  шаардан тышкары жайкы эс алуусун уюштурду.