"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери  “Горбольница” отканасынан  КР Т.Сатылганов атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына  чейин  жылуулук суу түтүктөрү жаңыланды.

Ишкана тарабынан диаметри 40, 76, 100 мм болгон, 382 метр борбордук жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу түтүктөрү  алмаштырылды.

Иштер аяктагандан кийин, 110 м2 бузулган асфальт төшөлүп  калыбына келтирилди. Ошондой эле “Горбольница” отканасынын өзүндө да учурда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал жерде косметикалык оңдоо жана отканаларды, жөнгө салуучу бекиткичтерди жана коопсуздук шаймандарды, ХВО насосторду, электро кыймылдаткыч насосторду, түтүн соргучтарды, вентиляторлорду  оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ишкана коммуналдык кызмат көрсөткөн  абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттык сактоо объектиси, 40 жалпы билим берүүчү мектеп, 14 бала бакча, 8 ЖОЖ, 25 башка бюджеттик мекеме жана 212 башка керектөөчүлөр бар.
Ишкана  шаардын батыш бөлүгүн тейлейт: Жал кчр, Белгород, Аскер шаарчасы жана Совмин шаарчасы.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекжылуулукэнерго" КИси  ысык суу жана жылуулук менен  камсыз кылууга байланышкан бардык суроолор боюнча 21-28-47 – абоненттик бөлүмгө  кайрылсаңыз болот.