Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жакынкы саатта жана 13-июлда күндүз Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күн күркүрөп, каттуу шамал болушу күтүлүүдө.  Шамалдын түштүк-батыштан соккон ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Кырсыктарды алдын алуу  үчүн Бишкек мэриясы айдоочулардан унааларын бак-дарактардын жана жеңил объектилердин алдына токтотпоону суранат.

Урматтуу шаардыктар! Сак болуңуздар!  Эгерде бак-дарактардын же башка нерселердин кулагандыгына күбө болсоңуз,  1840, 1850 жана 0554182185  WhatsApp  номерлерине билдириңиздер.