Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору борбор калаанын  санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы  үчүн “Датка Курулуш”, “ТСТ Сервис Строй” компанияларына жана У.Асаналиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Геология Университетине Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 70-беренеси боюнча айып пул салынды. (Жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом.)

Шаар тургуну  Шатохина Ю. 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, өндүрүштүк таштандыларды унаа жолуна таштагандыгы  үчүн жооп берет, ал 7500 сом айып төлөөгө тийиш.

Жолдордогу жумуштарды аткарууга коюлган талаптарды бузгандыгы үчүн  “Энерготранзит” компаниясына 119-1-1-берене боюнча протокол түзүлүп, 23 миң сомдук айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйлөрдүн жана кеңселердин жанында тазалыкты сактаңыз, белгиленбеген жерлерге таштандыларды ыргытпаңыз жана өрттөбөңүз. Өзүңүзгө жана туулган шаарыңызга кам көрүңүз!