13-июлда борбор калаада 526 адам коронавирус илдетинен айыкты.

Бирок, жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 720 учурду түзсө, 638 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 195, Биринчи май району - 152, Октябрь району - 135, Свердлов району - 156. Шаарда каттоосу жок - 82. 519 учур белгилери бар, 201 учур белгилери жок, 674 учур амбулатордук дарыланууда, 46 учур стационарда дарыланышууда.
Тилекке каршы, 7 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.         

Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!