Жалпыга маалымдоо каражаттарында 91 жаштагы Оморова Керез жана анын үй-бүлөсү микрокредиттик компаниянын курмандыгы болгондугу жөнүндө маалымат чыккан. Натыйжада чоң эне үйүнөн ажыраган.

Ал жардам сурап Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылган.

Бүгүн, 13-июлда жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат чыгаары менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чоң эне менен жолукту. Ага убактылуу жай берилип, материалдык жардам, биринчи керектелүүчү буюмдар жана тамак-аш берилди.

Бул маселе мэрдин тыкыр көзөмөлүндө.