Бүгүнкү күнгө шаарыбызга сугат суусу бир нече каналдардан берилет, алар:
Ала-Арча дарыясынан 1,8 куб, Жогорку Транзит каналынан 1 куб суу жана Чыгыш ЧЧКдан 1 куб метр суу берилет.

Азыркы учурда сугат иштери ишкананын жетекчиси жана агрономдордун көзөмөлүндө  күндүз жана түнү бою жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери автоунаа сугатын улантууда.

Белгилей кетсек, автоунаа менен сугаруу үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынан күнүгө 12 -20 унаа тартылууда.