Бишкек шаарынын мэриясында кезектеги пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйында "Бишкекжашылчарба", "Шаардык парктар" муниципалдык ишканаларынын иши, ошондой эле борбор калаада эпидемиологиялык  кырдаал талкууланды.

2021-жылдын башынан бери  коронавирустук инфекциянын 33164 учуру катталган, анын 29171 лабораториялык тастыкталган жана 3993 клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган пневмония.

Оорунун жаш курагы боюнча талдоосу көрсөткөндөй, оору жуккан адамдардын көпчүлүгү 30-64 жаштагы 58,2%, 64 жаштан жогору курактагылар арасында катталган - 13,8, 18-29 жаш -19,2%, 14 жашка чейинки балдар -6 , 4%, жана 15-17 жаштагы 2,3%.

Жугуштуу коркунучту азайтуу жана коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында,  санитардык эрежелерди көзөмөлдөө жана рейддик текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн күндөлүк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык  январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 2 916 000 сомго 1050 протокол түзүлүп,   711 эскертүү берилген.

Коронавирустук инфекция учурлары катталган мамлекеттик, муниципалдык уюмдарды, жеке ишкердиктин субъекттерин, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдү жана жеке секторду дезинфекциялоо жүргүзүлөт.