Санитардык-экологиялык инспекциянын тобу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында рейддерди күчөтүштү.

Күндүз инспекторлор бардык супермаркеттерге, гипермаркеттерге жана соода борборлоруна, ал эми түнкүсүн кафе-ресторандарга рейд өткөрүшөт.

Бет каптардын,  кире бериштеги дезинфекциялык килемдердин, антисептикалык каражаттардын, кызматкерлердин ден-соолугунун абалы жөнүндө журналдын жоктугуна байланыштуу, "Шашлык парк", "Кут Ордо", "Sky berry", "Первый сырный", "Фуд рим", "Тополек" тамактануу жайларына,  "Ак-Босого" жаңы конушундагы "Глобус" , Панфилов көчөсү №62 дарегиндеги "Народный" гипермаркеттерине жана "Юнион Парк" компаниясына  айып пул салынды.
Бардык мыйзам бузуучулар Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренесине ылайык, жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айып пул төлөшөт.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактаңыздар. Ден-соолугуңузга кам көрүп, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуңуздар.