14-июлда борбор калаада 593 адам коронавирус илдетинен айыкты.

Бирок, жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 773 учурду түзсө, 658 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 293, Биринчи май району - 109, Октябрь району - 105, Свердлов району - 151. Шаарда каттоосу жок - 115. Жалпы 773 учурдун ичинен 138 учур белгилери бар, 35 учур белгилери жок, 694 учур амбулатордук дарыланууда, 79 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 5 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.

Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!