Жайкы каникулда жаш бишкектиктер шаардык "Мектеп лигасы" спорттук программасына катышат.

Программага ылайык, спорттун 12 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү: стол тенниси, дартс, шахмат, бадминтон, волейбол, тогуз коргоол, баскетбол, кичи-футбол, ордо, жеңил атлетика жана гандбол.

2020-жылы спорттун жети түрү өткөрүлгөн. Калган 5 түрү, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2021-жылы уюштурулду.
Программанын жыйынтыгы боюнча  сынактын 412 жеңүүчүсү ден-соолукту чыңдоо үчүн "Алтын Булак" пансионатына этап-этабы  менен жөнөтүлөт.

Жалпысынан жети агым болот. Эки агым эс алып, жаңы күч менен аман-эсен кайтып келишти. Балдар мугалимдер, ИДНдин инспекторлору менен бирге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кайгуул кызматынын коштоосунда жөнөтүлөт.

Каникулда жаш спортчуларга медалдар, дипломдор, сыйлыктар жана кубоктор тапшырылат. Ошондой эле, пансионатта эс алууну уюштуруу үчүн ар кандай спорттук мелдештер, дискотекалар жана мелдештер өткөрүлүп турат.