Бишкек шаарынын тургундары түндө  дагы  гүлдөрдүн кооздугу менен суктана алышат.

«Бишкекжарык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык  ишканалары Ж.Абдрахманов менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн боюндагы гүл клумбаларын жарыктандыды.

Кооздук жарык берүү үчүн 28 түстүү жарык диоддук чырактары орнотулуп, 300 метр электр зымдары тартылды. Алар шаардын жашоочуларына жана конокторуна жагымдуу атмосфера түзүп турат.

«Ак илбирс» жана «Бугу эне» инсталляцияларды жарыктандыруу үчүн 30 Вт кубаттулук  менен жарык диоддук прожектору колдонулду.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде жарыктандырууга байланыштуу көйгөйлөр жаралса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp 0777 902 115, 0702 805-756 номуру аркылуу кайрылсаныздар болот.